Улуттук кийим кийип, кыргыз салты менен үйлөнгөн орустар. Көлдөгү сүрөттөр

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев мындай жөрөлгө аймактын туристтик деңгээлин көтөрөт деген пикирде.
Sputnik

БИШКЕК, 15-Июн. — Sputnik. Бүгүн, 15-июнда, Чолпон-Ата шаарындагы көл жээктен Россиянын учуучу шар боюнча белгилүү саякатчысы 68 жаштагы Валентин Ефремов 31 жаштагы Екатерина менен баш кошту. Салтанаттуу иш-чарага райондун акими, маданият кызматкерлери катышып, салтанат кыргыз улуттук каада-салт менен өттү.

Жубайлар таң эрте Ысык-Көлдүн жээгинен 50 метр бийиктикке шар учуруп, мыйзамдуу түрдө нике күбөлүгүнө кол коюшту. Андан соң маданият кызматкерлери жар-жар айтып бата беришти.

Мындай саамалык Ысык-Көлдө өтүүсү туризмге чоң салым болорун аким Данир Иманалиев белгиледи.

"Россиянын жарандары көл жээгинен баш кошууну мындан бир апта мурда өтүнгөн. Биз кубанып макул болдук. Себеби мындай жарнамалар облустун туристтик деңгээлин көтөрүүгө да шарт түзөт", — деди аким.

Белгилей кетсек, үйлөнгөн жубайлар Ысык-Көлдө дагы 10 күндүк саякатын улантып, күнгөйдөн тескейди көздөй учуучу шар менен кесип өтөт.