Радио

Мамбетов: паспорт чыгаруу боюнча жаңы тендер жарыяланат

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов биометрикалык паспорт чыгаруу боюнча өткөрүлгөн тендер жараксыз деп табыларын айтты.
Sputnik
Мамбетов: паспорт чыгаруу боюнча жаңы тендер жарыяланат

Биометрикалык паспорт чыгаруу боюнча өткөрүлгөн тендерде уткан компания кызмат акысын 253 миллион сомго кымбат көрсөтүп жатат. Андыктан жаңы тендер жарыяланат. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айтымында, ал жетекчи катары мындай чоң акчанын элдин эсебинен төлөнүшүнө жол бербейт.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги ушул паспорт маселесине байланышкан чырдын арты менен алмашып отурат. Демек, кайра эле ошол мамлекетке 253 миллион сом чыгым алып келе турган компанияга паспорт чыгарууну берип койсом, мени эл кечирбейт. Азыр кайсы компания эң төмөнкү бааны көрсөтсө, ошол ута тургандай жаңы тендер жарыялоону пландап жатабыз", — деди Мамбетов.

Аткаминер паспорттор заман талабына жараша алмашып, коргоо элементтери күчөтүлүп турбаса, айрым мамлекеттерге виза алууда жарандар үчүн кыйынчылыктар жараларын кошумчалады.