Радио

Садыков: Индиядан келген студенттерди окутууну пландап жатабыз

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков аталган окуу жайга медицина факультетин ачуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Садыков: Индиядан келген студенттерди окутууну пландап жатабыз

Кыргыз улуттук университети индиялык студенттерди окутуу боюнча контракт түзүп жатат. Бул тууралуу Канат Садыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, КУУда медициналык факультет ачылып, анда Индиядан келген студенттер окумакчы.

"Биздин окуу жайга медициналык факультет ачууну пландап, бул боюнча 25 жылдан бери ушул багытта иш алып барган индиялык университет менен кызматташып баштадык. Алар лабораториялык базабызды чыңдап бермекчи. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат", — деди ректор.

Ал алгачкы беш жылда медициналык факультетке байкоо жүргүзүлүп, сапаттуу кадрлар даярдала баштаса кыргыз студенттерди да окутуу караларын кошумчалады.