Бишкекте бактын түбүнөн кишинин сөөгүн табышты

Учурда тартип коргоо органдары анын ким экендигин, аты-жөнүн тактап жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. - Sputnik. Бишкек шаарындагы Москва жана Трудовая көчөлөрүнүн кесилишинде бактын түбүнөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Ленин райондук милициясына кишинин сөөгү табылганы туурасында кечээ түнү маалымат келип түшкөн.

"Милиция кызматкерлери болжол менен 30-35 жаштагы азият тектүү кишинин сөөгү табылганын айтышты. Анын денесин текшере келгенде кыйналып өлтүрүлгөнү байкалган. Ким экени тактала элек", - деп билдиришти милициядан.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, криминалдык милициянын кызматкерлери каза тапкан кишинин ким экендигин тактап жатат.