Жээнбеков Токаевдин жеңиши кандай мааниге ээ экенин айтты

9-июнь күнү өткөн шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынын ачып жатып, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди өлкө башчысы болуп шайланышы менен куттуктады.

"Учурдан пайдаланып казак тарапты шайлоонун өтүшү менен куттуктайм. Сиздин жеңишиңиз казак элинин өлкө алган багытка болгон зор ишенимин далилдейт", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы кесиптешине ийгилик каалады.

Саммитти Sputnik Кыргызстан агенттиги түз алып берүүдө.