Сокулукта үй салып жаткандар эки кишинин сөөгүн таап алды

Учурда алардын курагы, жынысы жана качан көмүлгөнү аныктала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Крупская айылында үй куруп жаткан тургундар эки адамдын скелетин таап алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди.

Пайдубал куюу үчүн жер казып жаткан учурда эки адамдын сөөгү табылган. Алардын курагы, жынысы жана качан көмүлгөнү азырынча аныктала элек.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан аталган фактыны тастыкташып, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.