Жээнбеков жабык эшик артында президенттер эмнени сүйлөшкөнүн ачыктады

Саммит Бишкек шаарында өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусунда бир катар маанилүү маселелер таркууланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кеңири жыйын учурунда билдирди.

Саммит Бишкек шаарында өтүп жатат.

"Өлкө башчылар эл аралык күн тартибинде турган маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары, мурдагы жыйындар учурунда болгон макулдашуулардын иш жүзүнө кантип ашып жатканы боюнча пикир алыштык", — деди президент.

Саммит документтерге кол коюу жана ЖМКга билдирүү жасоо менен аяктайт. Андан соң уюмга төрагалык Россия өткөрүлөт. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.