Радио

Сатыбалдиева: донорлордун 23%ын ыктыярдуу кан берген кишилер түзөт

Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Айганыш Сатыбалдиева бүгүн, 14-июнда, Бишкекте жана аймактарда Кан донорлорунун күнү белгиленерин айтты.
Sputnik
Сатыбалдиева: донорлордун 23%ын ыктыярдуу кан берген кишилер түзөт

2007-жылдан бери Кыргызстанда 14-июнь - Кан донорлорунун дүйнөлүк күнү белгиленип келет. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, донорлордун 23 пайызын өз ыктыяры менен кан берген кишилер түзөт.

"Бүгүнкү күндө донорлордун 23 пайызы — өз каалоосу, ыктыяры менен келип, акысыз кан берген кишилер. Акылуу донорлор статистиканын 5 пайызын түзсө, ал эми 72 пайыз тууганчыл донор болуп эсептелет. Биздин максат — муктаждарга кан жеткирүү. Бүгүн борбор калаабызда жана облустук кан борборлорунда Кан донорлорунун дүйнөлүк күнүн белгилейбиз", — деди Сатыбалдиева.

Ал ошондой эле өз ыктыяры менен кан берген донорлорго ыраазычылык билдирип, алар башкаларга жашоо тартуулап жатканын белгилеп өттү.