Кыргызстан 9 президент менен 2 премьерди кантип тосуп алды. Видео

Бишкектеги ШКУ саммитине тогуз президент жана эки премьер-министр келди. Учактан түшкөн сыйлуу конокторду бир видеого топтодук.
Sputnik

Биринчилерден болуп 12-июнда Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга конгон. Ал Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Аны өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Ушул эле күнү мамлекеттик сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди президент Сооронбай Жээнбеков тоскон.

Бишкектеги ШКУ саммити: кол коюлган документтердин тизмеси
Өлкө жетекчилеринин көбү 13-июнда келишти. Сооронбай Жээнбеков Россиянын башчысы Владимир Путинди, ал эми Абылгазиев болсо Афганистан, Белоруссия, Казакстан, Өзбекстан жана акыркы болуп келген Иран менен Тажикстандын президенттерин тосуп алды. Вице-премьер Замирбек Аскаров Индия менен Пакистандын премьер-министрлерин тосту.

ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити бүгүн, 14-июнда, өтөт.