Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду

Атайын эсеп ачылгандан бери прокуратура 409 миллион 842 миң 752 сом которгону айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура бирдиктүү депозиттик эсепке 16 миллион 422 миң 556 сом которгонун кабарлады.

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча кайда жумшалат. Президент жооп берди
Ал эми атайын эсеп ачылгандан бери прокуратура 409 миллион 842 миң 752 сом которгону айтылат.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында түшкөн каражаттарды атайын эсепке топтоо керектигин айтып, ал үчүн депозиттик эсеп ачылган.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеште жасаган кайрылуусунда былтыр коррупцияга каршы күрөштөн 5,7 миллиард сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылганын айткан.