Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин макулдашуусу. Кол коюлган 18 документ

Кол коюлган документтерде айыл чарба продукцияларын экспорттоого, шаарлар аралык бир туугандык байланыш түзүүгө басым жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 18 документке кол коюлду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 13-июнда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюлганы айтылат.

Ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлган.

Алар төмөндөгүчө:

- КР Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы менен КЭР Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга сүт азыктарын экспорттоо боюнча протокол;

Кытай Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга убада берди
- КР Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция менен КЭР Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы бал экспорттоо боюнча протокол;

- КЭР Сапатты көзөмөлдөө жана карантин боюнча Башкы башкармалык менен КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ортосундагы алчаны экспорттоо боюнча 2017-жылы кол коюлган протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- КЭР Башкы бажы башкармалыгы менен КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ортосундагы КРден КЭРге буудай унун экспорттоо үчүн фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

- КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен КЭР Айыл чарба жана элет иштери министрлигинин ортосундагы 2019-2021-жылдарга айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу планы;

- КР Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен КЭР Коомдук коопсуздук Министрлиги ортосундагы экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашуу;

Жээнбеков Кытай убадалаган 600 млн. юанды Си Цзиньпиндин эсине салды
- КЭР өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча министрлиги менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу тууралуу меморандум;

- Метеорология жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- КР Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен КЭР Интеллектуалдык менчик боюнча Улуттук башкармалык (CNIPA) ортосундагы өз ара түшүнүү тууралуу меморандум ;

- КР ИИМ үчүн техникалык-материалдык жардам берүү тууралуу өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу актысы;

- КР Экономика министрлиги менен КЭР Коммерция министрлиги ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу меморандум;

- КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик менен КЭР коммерция министрлиги ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, инвестициялык кызматташтык жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча иш тобун түзүү жөнүндө өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

Жээнбеков Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп тааныды
- Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорун (2-фаза) ишке ашыруу жөнүндө протокол;

- КР өкмөтү менен КЭР өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашуу;

- "Ичүүчү таза сууга жетүү" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө КР менен КЭР ортосунда каттарды алмашуу;

- КР Ош шаары менен КЭР Шэньси провинциясындагы Сиань шаары ортосунда бир туугандык байланыш түзүү жөнүндө меморандум;

- Ош шаары менен КЭР Гуандун провинциясындагы Фошань шаары ортосунда бир туугандык байланыш түзүү жөнүндө макулдашуу;

- Ош шаары менен Хэбэй провинциясындагы Шицзячжуан шаары ортосунда бир туугандык байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу.