Жакшы сүйлөй албай жатат. Дарыгер Зарылбек Рысалиевдин абалы тууралуу айтты

Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында экинчи ирет суракка чакырылып, ИИМден чыккандан кийин ооруканага түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы салыштырмалуу оор. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди.

"Рысалиев 12-июнда реанимация бөлүмүнөн палатага которулду. Бирок кан басымы турукташа элек. Азырынча палатанын ичинде гана кыймылдоого уруксат берилди. Тили чулдурап, сөздөрү түшүнүксүз болуп жатат", — деди дарыгер.

Эске салсак, Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында экинчи ирет суракка чакырылып, ИИМден чыккандан кийин ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Алгач дарыгерлер аны инсультка кабылышы мүмкүн деп божомолдоп, кийин бул диагноз аныкталган эмес.

Батукаев иши

Батукаев "ала жаткан" аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин
2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын айткан. Көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-июнда экс-прокурор Аида Салянова дагы камакка алынган.