Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековдун ишине баа берди

Кытайдын төрагасы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болгонун айтты.

Мындан тышкары, ал кайрадан кыргыз жерине келип жатканына кубанычта экенин белгиледи.

"Сиздерде жакшы жакка өзгөрүүлөр көп болду. Эл бактылуу жашап жатат. Биз жакын кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары кубанып жатабыз", — деди Кытай лидери.

Ошондой эле ал Жээнбеков тарабынан коррупция менен күрөш жана өлкөнүн бакубат турмушу үчүн көп иштер жасалганын айтты.

Эске салсак, Си Цзиньпин Бишкекке 12-июнь күнү мамлекеттик сапары менен келген. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине дагы катышмакчы. Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында маанилүү делген 20 документке кол коюлары күтүлүүдө.