Кыргызстанга Россия президенти Владимир Путин келди. Сүрөттөр

Саммиттин расмий бөлүгү 14-июнда башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Россия президенти Владимир Путин келип түштү.

РФ лидерин "Манас" аэропортунан КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Эки президенттин жолугушуусу да аба майдандан өттү.

Президент Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктап, мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болорун канааттануу менен баса белгиледи.

Өз кезегинде Путин ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Бишкектеги жыйыны эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, саммиттин расмий бөлүгү 14-июнда башталат. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

ШКУга төрагалык кылуу укугу Кыргызстандан Россияга өтмөкчү.