Кыргызстанда элдин колундагы акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Бир ай ичинде жүгүртүүдөгү акча дээрлик 2,6 миллиард сомго өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 1-июнга карата элдин колундагы каражат 95,2 миллиард сомдон ашканын Улуттук банктан кабарлашты.

Жүгүртүүдөгү акча — бул насыялык уюмдардын кассаларында калган каражатты эске алуу менен эсептелген элдин каражаты. Кеп улуттук валюта туурасында гана болуп жатат.

Кыргызстандын запаста канча алтыны бар? Сомго тийгизген таасири
Улуттук банктын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул — финансылык регулятордун маалыматтары жарыялана баштаган 2007-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Май айында жүгүртүүдөгү акча дээрлик 2,6 миллиард сомго өскөн.

Буга чейинки рекорд 93,5 миллиардан бир аз ашыгыраак суммасы менен быйылкы жылдын 1-январында байкалган.

Бирок мындай көрүнүштүн күнгөйү менен тескейи боло турганын айткан экономисттер өтө көп болуп кеткен өсүш инфляцияга алып келе турганын эскертти.