Муфтият элден чогулган битир-садака кимдерге берилгенин айтты

Битир орозо учурунда чогултулат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы орозодо элден чогулган битир-садака кандай бөлүштүрүлгөнүн айтты.

Муфтияттын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, чогулган акча жардамга муктаж 575 адамга таратылган.

"Орозодо жардам сурап, арыз менен кайрылгандардын саны 575 адамды түздү. Анын негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен майыптыгы бар ар бир жаранга 3 миң сомдон акча чегерилген. Башкача айтканда, 1 миллион 725 миң сом таратылды", — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүдө чогултулган битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы райондук хатибияттарга, 15 пайызы облустук казыяттарга жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнгөнү кошумчаланган.

Белгилей кетсек, быйыл орозо 6-майда башталып, 4-июнда аяктады. Орозо айт 5-июнга туура келген.