Жээнбеков: Кытай биз үчүн башкы өнөктөш өлкө

Президент Кытай лидеринин мамлекеттик сапарынын алкагында сөз сүйлөдү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Кытай Эл Республикасын соода-экономикалык кызматташуу жаатында башкы өнөктөш катары кабылдай турганын айтты.

"Биз үчүн Кытай башкы өнөктөш, өз ара соода мамилесин өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапары менен келди. Пландаштырылган иш-чаранын алкагында эки өлкө башчысынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтүп жатат.

Кытай лидери ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына да катышмакчы.