1000 долларлык панно. "Ала-Арча" резиденциясында жарманке өтүп жатат

Буюмдар кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан. Эмгектер ШКУ саммитине келген коноктордун көңүлүн бурары күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жарманке ачылып, анда Кыргызстан кол өнөрчүлөрүнүн эмгеги коюлду.

Чеберлерди Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чакырган. Сатыкка зер буюмдар, ээр-токум, ошондой эле тапичке менен баштыктар коюлду.

Жарманкеде капчыкка жараша ар кандай буюм-тайым табууга болорун "Сайма" арт-тобунун менеджери Светлана Шейшеева айтып берди.

"Сатыкка коюлган буюмдардын баасы ар кандай. Эң арзаны 150-200 сом, мындан тышкары 1000 долларлык кийиз паннолор да бар", — деди ал.

Иш-чарага 10дой кол өнөрчү катышууда. Ал эми ШКУ саммити 13-14-июнга белгиленген.

Sputnik Кыргызстан саммиттин тексттик трансляциясын жүргүзүп жатат. Ушу тапта коноктордун алды келе баштады.