Токаев президент катары эң биринчи сапарын Кыргызстандан баштады. Сүрөттөр

Казакстандын президентинин инаугурациясы кечээ, 12-июнда өткөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Боорсок менен гүл сунуп... Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпинди тосуп алды. Видео
Казакстанда узаган жекшемби күнү президенттик шайлоо өтүп, Касым-Жомарт Токаев утуп чыккан. Үч күндөн кийин, 12-июнда, президенттин инаугурациясы болуп, Токаев президенттик кызматка расмий түрдө киришти. Демек, анын мамлекет башчы катары чет өлкөгө жасаган эң биринчи сапары Кыргызстан болуп калмакчы.

Шанхай кызматташтык уюмуна 8 мамлекет — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Ал эми Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу катары катышат.

ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңеши 13-14-июнда өтөт. Аны 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү чагылдырат.