Ирандын президенти Хасан Рухани Кыргызстанга келди

Саммиттин расмий бөлүгү 14-июнда башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Рухани келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Ирандын президенти Хасан Рухани Кыргызстанга келди

Ирандын башчысын "Манас" аэропортунан КРдин премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, саммиттин расмий бөлүгү 14-июнда башталат. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.