Бишкектеги ШКУ саммитинен кийин президенттер Душанбеге барышат

14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борбор калаасында дагы саммит өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өткөндөн кийин президенттер Душанбеге барышат. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.

Кыргызстан жана Монголия президенттеринин жолугушуусунда 9 документке кол коюлду
Маалыматка караганда, 14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борбор калаасында Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин саммити өтөт. Ага Кыргызстан, Кытай, Россия, Иран, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Бангладеш жана Шри-Ланканын президенттери катышары айтылат. Ал эми Афганистандын атынан премьер-министр барат.

Аталган саммит төрт жыл сайын өтүп турат. Бул жолку жыйындын темасы "Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин региондорду өркүндөтүү жана жалпы коопсуздукту камсыздоо" деп аталат.