Жол тандабасты сүзгөн таксист жүргүнчүсүн таштай качты. Бишкектеги кырсыктын сүрөтү

Кырсык болгондон кийин жеңил унаанын айдоочусу жүргүнчүсүн таштап качып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Түндө Бишкекте такси кызматынын унаасы жол тандабас менен кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө кабарлап, сүрөтүн жиберди.

Анын айтымында, кырсык болгондон кийин жеңил унаанын айдоочусу машинасын жүргүнчүсү менен таштап качып кеткен.

Бишкекте эки унаа кагышып, үч киши жаракат алды. Сүрөт
Окуя 12-июнда саат 23.00дөр чамасында борбор калаанын Токомбаев менен Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Toyota үлгүсүндөгү автоунаа Lexus GX машинасын сүзгөн. Жаракат алгандар жок. 

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы катталганын тастыктап, чоо-жайын тактап жатканын билдирди.