Радио

Өмүрбек кызы: Бишкекте "Мыкты боз үй" аттуу кароо-сынак өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкери, "Мыкты боз үй" сынагынын уюштуруучусу Венера Өмүрбек кызы боз үйдүн баалуулугун даңазалаш керектигин айтты.
Sputnik
Өмүрбек кызы: Бишкекте "Мыкты боз үй" аттуу кароо-сынак өтөт

26-июндан 30-июнга чейин Дүйнө элдеринин эпосторунун V эл аралык фестивалынын алкагында "Мыкты боз үй" сынагы өтөт. Бул тууралуу Венера Өмүрбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сынакка чеберлер нукура элдик технологияны колдонуу менен жасалган, ички-сырткы жасалгасы толук бүткөрүлгөн боз үйлөрүн катыштыра алат.

"Аталган фестиваль Бишкек шаарында жана Ысык-Көл жергесинде өтөт. Ага 25тен ашуун өлкөдөн келгендер катышат. Бул саамалыкты ар кайсы облустун өкүлчүлүктөрү менен бирге Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурууда. Кыргыздар байыртадан боз үйдү аздектеп келген. Ошол себептен фестивалдын алкагында "Мыкты боз үй" кароо-сынагы өтөт. Иш-чаранын негизги максаты — боз үй жасаган чеберлерден өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу кол өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу", — деди Өмүрбек кызы.

Ал сынакка катышкысы келгендер 20-июнга чейин анкета толтурушу керектигин кошумчалады.