Боорсок менен гүл сунуп... Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпинди тосуп алды. Видео

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, мамлекеттик визит менен Бишкекке келди.
Sputnik

"Манас" эл аралык аэропортунан Кытай лидерин президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Салам, аскер! Монгол ажосу Ардак кароол менен кыргызча учурашкан видео
Мамлекеттик визиттин алкагында Кытайдын төрагасы эртең, 13-июнда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Анын жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

КЭР төрагасынын мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.
Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.