Монголия президенти КРге трансплантация жаатында кызматташууну сунуштады

Монгол ажосу Хяргас Нуур менен Ысык-Көлдүн ортосунда каттам түзүү сунушун берди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Монголия бир катар тармактарда кызматташса болорун аталган өлкөнүн президенти Халтмаагийн Баттулга кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатканда айтты.

Ал соода айлантууну чыңдаш керектигин, себеби жалпы сумма бир миллион долларга да жетпестигин билдирди.

"Банк системасында кызматташса болот, андан сырткары адамдын органдарын көчүрүү тармагында биргелешип иш алып барууга болот", — деди Баттулга.

Монгол ажосу Хяргас Нуур менен Ысык-Көлдүн ортосунда каттам түзүү сунушун берди.