Кыргызстан жана Монголия президенттеринин жолугушуусунда 9 документке кол коюлду

Монголия башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен биринчи ирет келди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстан жана Монголия президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Халтмаагийн Баттулганын жолугушуусунун аягында кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюлду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болду.

Анын жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргызстан менен Монголия өкмөттөрүнүн ортосундагы "Терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү" макулдашуу;

Кыргызстан менен Монголия өкмөттөрүнүн ортосундагы аскерий жаатта кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Монголиянын Улуттук коопсуздук катчылыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө протокол;

Салам, аскер! Монгол ажосу Ардак кароол менен кыргызча учурашкан видео
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Монголиянын Билим берүү, маданият, спорт жана илим министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Монголиянын Айлана чөйрө жана туризм министрлиги ортосундагы туризм жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Монголиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун ортосундагы интеллектуалдык менчикке жана салттуу билимдерге укукту коргоо жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;

Ысык-Көл облусу менен Монголиянын Увс аймагы ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголия Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

Кыргыз илимдер академиясы менен Монголия илимдер академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.