Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат

Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн Нур-Султан шаарында Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Иш-чара Эгемендүүлүк сарайында болууда.

Казакстандын президенти Токаевдин шайлоодон кийинки биринчи билдирүүсү
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызын алган.

Президент эл алдында казак тилинде ант бергенден кийин дароо мамлекет башчылык ишине киришет.

Инаугурацияга парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары жана өлкөнүн мурдагы президенттери катышары айтылган.

Буга чейин ал Бишкектеги саммитке өз статусунда келе тургандыгын айткан