Токаевдин инаугурациясына башка өлкөнүн бир да президенти катышпайт

Казакстандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы бүгүн Нур-Султан шаарында өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясына башка өлкөнүн бир да президенти катышпайт. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Токаев: Бишкектеги саммитке өз статусумда барышым керек
Белгилей кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнь күнү өтүп, Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызын алган. Андан үч күндөн кийин эле инаугурациясы өтүп жатат. "Президент эл алдында казак тилинде ант бергенден кийин дароо мамлекет башчылык ишине киришет. Инаугурацияга парламенттин депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку соттун судьялары жана өлкөнүн мурдагы президенттери катышат", — деп кабарланган маалыматта.

Токаевдин инаугурациясы шашылыш өтүп жатканынын себеби - Бишкектеги ШКУ саммитине өз статустунда барышына шарт түзүү экени айтылууда. Анын Бишкектен ары Тажикстанга да бара турганы маалым болду.