Түшүүгө тыюу салынат! Чүйдөгү айрым көлмөлөргө белги коюла баштады

Чүй облусунда эл эс алган 399 көлмө, каналдар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Чүй облусунда атайын уруксаты жок, бирок жарандар болбой эле түшүп жүргөн көлмө жана каналдарга түшүүгө тыюу салган белгилер орнотулат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун адистери облустагы бардык суу объектилерин текшерип чыгып, ушул тапта 399 канал, көлмө жана бассейн бар экенин аныктады.

"Анын ичинен 22си сууга түшүүгө ыңгайлаштырылган бассейндер. Облус тургундарынын коопсуздугу үчүн калган көлмө, каналдарга түшүүгө тыюу салынган белгилер коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, адистер көлмөлөргө жакын жерде жашаган элге чөгүп кетүү коркунучун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө бөбөктөргө сак болуу сунушталды.