Бишкектин айрым аймактарында газ өчөт. Тизме

Компания кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар аймактарында 17-июндан 21-июнга чейин газ жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка караганда, Лев Толстой, Киров көчөлөрүндөгү, Новопавловка айылындагы, Ала-Арча дарыясы менен Чоң Чүй каналынын аймагындагы 10 миң абонент газсыз калат.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Аталган убакыт аралыгында компания кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.