Аида Салянованын өмүрү коркунучтабы? ЖАМКтын жообу

Убактылуу кармоо жайынын медициналык кызматкерлери тарабынан Саляновага тийиштүү кызматтар көрсөтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкованын "Салянованын өмүрү коркунучта" деп айткан билдирүүсү жүйөсүз экенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, Салянова коопсуз жайда.

"Айыпталып жаткан Аида Салянова аялдар кармала турчу корпуска жайгаштырылган. Башка кишилер тарабынан жана атайын контингент тарабынан да Саляновага коркутуп-үркүтүү болгон эмес. Өз кезегинде айыпталуучу да СИЗОнун жетекчилигине ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч бар экени тууралуу кайрылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Убактылуу кармоо жайынын медициналык кызматкерлери тарабынан Саляновага тийиштүү кызматтар көрсөтүлүүдө.

Батукаев "ала жаткан" аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин
ЖАМК тараткан билдирүүдө Саляновага келген адвокаттар, парламент депутаттары, прокуратуранын жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча борборунун өкүлдөрү эч тоскоолдуксуз кирип-чыгып жатканы белгиленген.

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-июнга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.