ШКУ саммитине карата "Манас" аэропорту оңдолуп, жаңы эмерек алынды

Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине 11 мамлекеттин башчысы келет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммитине келе турган делегацияларды кабыл алууга толук даяр. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жогорку даражадагы конокторду кабыл алууга даярдыктар 2019-жылдын январынан тарта башталган.

"Мамлекет башчыларын тосуп ала турган "Манас-2" терминалы оңдолду. Президент жана премьер залдарынын эмеректери жаңыртылып, чоң LED-экран орнотулду", — деп айтылат маалыматта.

Шаар милициясы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
Ошондой эле жолдорду жашылдандыруу жана жакшыртуу иштери аткарылганы белгиленди.

Эске салсак, 2019-жылдын 13-14-июнунда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында ШКУнун саммити өтөт. Ага ШКУга мүчө 11 мамлекеттин башчылары катышат. Алар: Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан. Ал эми байкоочу катары Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголиянын президенттери келет.