Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги алмашты

Директорлор кеңеши мындай чечимди дүйшөмбү күнү кабыл алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалды.

10-июнда директорлор кеңешинин жыйыны болуп, башкаруучулуктун төрагасы Бактыбек Шамкеевдин башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу аны кызматтан алуу жана Элмира Абжапарованы анын ордуна шайлоо маселесин карашкан.

Буга чейин өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугун алдыга коюлган милдеттерди аткарган жок деп сынга алган.