Радио

Бекташова: лидер кыздар өз конушундагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенди

Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Нуркыз Бекташова "Конуштагы лидер кыздар" сынагы окуучулардын өздөрү жашаган аймактагы көйгөйлөрдү колунан келишинче чечүүсүнө өбөлгө түзгөнүн айтты.
Sputnik
Бекташова: лидер кыздар өз конушундагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенди

"Бишкектеги жаңы конуштардагы балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбоорунун алкагында "Лидер кыздар" сынагы жүрүп, жыйынтыгында окуучулар өздөрү окуган жердеги бир топ маселелерди чечти. Бул тууралуу Нуркыз Бекташова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучулар долбоорду эки жума жазышкан.

"Бишкек шаарындагы Ак-Бата, Ак-Ордо, Көлмө, Калыс-Ордо, Эне-Сай жана Жеңиш жаңы конуштарындагы мектеп окуучулары долбоор жазып, жашаган жерине дараметине жараша салым кошууну максат кылышты. Алар кичинекей болсо да проблемаларды чечүү жолдорун изилдешти. Жыйынтыганда Эне-Сай конушунда жашаган 9-класстын окуучулары 400 түп көчөт отургузуп, аны "Кыздар аллеясы" деп аташты. Ак-Бата конушунун лидер кыздары да БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) чакан грантын утуп, өздөрү жашаган конуштун көчөлөрүндө жума сайын ишембилик өткөрүү үчүн күрөк, тырмоо, шыпыргыларды сатып алышты. Жеңиш конушундагы окуучулар болсо балдар аянтчасын жарыктандыруу маселесин көтөргөн. Демилгелүү кыздардын аракети менен эми ал жерде кичинекейлер кечкисин да ойной башташты. Ал эми Ак-Ордо конушунун өспүрүмдөрү да бөбөктөргө кам көрүп, балдар аянтчасын оңдоо, сырдоо жана жарыктандыруу жумуштарына бел байлап, ал жерди жаңылап колдонууга берди", — деди Бекташова.

Ал аталган долбоор июнь айынын аягында жыйынтыкталарын кошумчалады.