Казакстанда Кыргызстан менен Россиянын жарандары жол кырсыгына кабылды

Жабырлануучулар ооруканага жаткырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Костанай облусундагы жол кырсыгында башка өлкөлөрдүн беш жараны жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Toyota Estima жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаалар Алматы — Екатеринбург жолунда кагышкан. Жыйынтыгында россиялык жаш үй-бүлө эки баласы менен жана бир кыргызстандык киши жабыркады.

Бешөө тең ооруканага жаткырылып, аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.