Бишкекте Кыргызстан менен Палестина футболчулары беттешип, тең чыкты

Бул Кыргызстандын курама командасынын 2019-жылдан берки, тагыраагы, Азия кубогундагы 1/8 финалга чыккандан берки алгачкы оюну.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкекте болгон Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курама командалардын беттеши тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстандык ырчылар артисттердин дүйнөлүк футбол чемпионатына жөнөп кетти
Бул жолдоштук беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Оюндун жүрүшүндө биринчи голду кыргызстандык спортчулар киргизди. Эсепти биринчи таймдын 31-мүнөтүндө Рустамов ачты. Экинчи топтун ээси Бекжан Сагынбаев болду. Көп узабай эле палестиналыктар эсепти өзгөртүп, кыргызстандыктардын дарбазасына өздөрүнүн алгачкы тобун киргизди. Андан кийин пенальтиде дагы бир ирет жеңиш конок спортчулардын колуна тийип, эсепти 2:2 кылып теңдешти.

Бул Кыргызстандын курама командасынын 2019-жылдан берки, тагыраагы, Азия кубогундагы 1/8 финалга чыккандан берки алгачкы беттеши.