Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

Жиу-житсу боюнча Чехияда өткөн дүйнө чемпионатына кыргызстандык Эрали Аскарбек уулу эки баласы менен барып, алтын утуп кайтышты. Спорттун тарыхында дүйнөдө биринчи жолу ата-бала бир аренада чемпион болгонун айтышат. Мындан сырткары, экинчи уулу дагы бир күмүш медаль уткан.
Sputnik

Аталган чемпионат 17-18-май күндөрү Чехиянын Прага шаарында 32 өлкөнүн катышуусу менен өткөн. Ага Кыргызстандан Эрали Аскарбек уулу Эржигит жана Азамат аттуу балдары менен барып, төрт медаль утуп алышты. Муну менен алар чемпионатка келгендерди да таң калтырышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чемпион жана чемпиондордун атасы менен баарлашты.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

— Алгач сиздерге ийгилик жылмайган чемпионат тууралуу айтып берсеңиз.

— Биз катышкан чемпионаттын деңгээли аябай жогору экен. Кыргызстандан эки балам менен үчөөбүз барганбыз. Мен 47 жашта болгондуктан мастерлер категориясында беттештим. Чоң уулум Эржигит чоңдор арасында 62 килограмм салмак категориясында, кичүүсү Азамат жаштар арасында 66 килограмм чен бирдикте күчүн сынады.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

— Улуу балаңыз Эржигит экинчи медалын кантип утту?

— 62 менен 69 килограммдар жанаша жерде таразага түшүп жаткан. Эржигит адашып биринчи 69 килограммга түшүп алган экен. Анан 62 килограммдар бүткөндөн кийин кайра чакырып калышты. Ал жерде баары ирети менен болгондуктан, айтып түшүндүрүш кыйын болду. Эржигит өзү да ээлигип: "Атым чыгып калгандан кийин күрөшө берейинчи, ата",- деп суранды. Биринчи айлампада беш атаандашын жеңди, мындан жеңилсе да тажрыйба топтойт деп чыгырып жибердим. Ал төрт беттеш өткөрүп финалга келгенде жеңилип калды. Анда да 2:0 эсеби менен утуп бараткан. Бир мүнөт калганда туура эмес ыкма жасай коюп, мелдештен четтеп калды. Эки финалда тең германиялык спортчу менен кармашты.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

— Эки балаңыз чемпион болгондон кийин сиз да чемпион болууга умтулдуңузбу же көңүл ток болуп калдыбы?

— Ыйык орозо айында Кудай оомат берди окшойт. Жок дегенде бирөөбүз жеңип, желегибизди желбиретсек деп жаттык эле. Анан эки уулум тең жеңип, мага кезек келгенде жүрөк ток болуп калды. Атаандаштардын ким экенине да көңүл бурбай койдум. Бирок колун жер таптатып, таза утуп жаттык. Эгер упай менен эсептегенде, өзүлөрүнө тартып коюшмак. Себеби мен да, кичүү балам да финалда чех менен чыктык да.

Ошентип үчөөбүз тең чемпион болуп калдык. "Кыргызстандан бир үй-бүлө келип утуп кетти" деп кызыгып, журналисттер балдарымды бир жакка, мени бир жакка тартып кетишти. Аларга «Кыргызстандын курама командасы келсе, мындан да башкача болмок» деп койдум. Ата-бала бир аренада дүйнө чемпиону болгону таң калтырыптыр. Мындай учур дүйнөдө болбоптур да. Спортчулар да "Кайсы жерден келдиңер?" деп сурап жатышты. Ушуну менен жашымдан бери тилек кылган ниетиме жеттим. Өзүм да, балам да чемпион болсо деп кыялданчу элем. Мындан башка да машыктырган көп спортчуларым бар, алар менен жакында Румынья, Россияга барабыз.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

— Өзүңүз канча жылдан бери спорт менен машыгасыз?

— Өзүм Алайдан болом, учурда Бишкектеги спорт клубдардын биринде жиу-житсу, грэпплинг боюнча машыктыруучу болуп иштейм. 20 жылдан бери спорт менен алектенем. Мурда эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана дзюдо менен машыккам. Ал эми грэпплинг, жиу-житсу менен шугулдана баштаганыма үч жылдын жүзү болду. Өзүм да күрөшөм, балдарды да машыктырам.

Жыл сайын мелдештерге катышып турам. 2015-жылы дзюдо боюнча Испаниядан, Амстердамдан байгелүү келдим. 2017-2018-жылдары жиу-житсу боюнча Астанадагы дүйнө чемпионатында 1-орунду алгам. Быйыл Азияны утуп, анан дүйнө чемпионатына аттанганбыз.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

— Канча балаңыз бар, спортко үй-бүлөңүздүн баары кызыгабы?

— Өзүмдүн жалгыз балам бар эле, кийинчерээк Азаматты уул кылып алдык. Чоңун 8-класстан, кичүүсүн 5-каласстан баштап машыктыра баштагам. Мени ээрчип келип залда ойноп жүрүп эле аралашып кетишти. Эржигит учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинде жогорку спорт факультетинде биринчи курста окуйт. Кыргызстанда жана Казакстанда өткөн мелдештерде алдыңкы орундарга жетишкен.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

— Машыгуулар кандай өтөт?

— Биз каржылоо жагынан кыйналабыз. Көп жерге барганда Кыргызстанды салыштырам, биздикилер табиятынан күчтүү болот. Тилекке каршы, бизде көп спортчулар каражаты жок мелдештерге катыша албай калууда. Жакшы колдоо болсо, башка өлкөлөрдөй шарт түзүлсө, эбак эле ийгиликтерди жаратышмак. Азыр биз спортту эле эмес, тиричиликти да ойлонобуз. Бул жагына тартсаң, ары жагына жетпейт.

Ошого карабай алдыга умтулуп жатабыз. "Чемпион болду" деген жаңылыктар көп чыга баштады. Демөөрчүлөр чыгып заманбап залдарды куруп берүүдө, биздин убакта көп кабаттуу үйдүн астындагы жыттанып кеткен жер төлөдө машыкчу элек. Жаштарга айтарым, бош убактыңарды спортко арнагыла!