Баткен: чыр чыккан Ак-Сайдагы көйгөйлөрдү чечүүгө 220 млн. сом бөлүндү

Бөлүнгөн каражат сугат суу менен камсыздоого, жол курууга жана мектепти оңдоп-түзөөгө жумшалат.
Sputnik

ОШ, 11-июн. — Sputnik. Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай айыл өкмөтүндө жол, таза суу, мектеп жана бала бакча көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттен 220 миллион сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Тагыраак айтканда, каражат Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан аймактарында социалдык объектилердин, транспорттук инфраструктуранын жана ирригациялык курулмалардын курулушу үчүн берилди.

"Көк-Таш — Ак-Сай, Ак-Сай — Тамдык унаа жолдорунун курулушун улантууга жана Ак-Сай — Рават унаа жолун салууга 150 миллион сом бөлүндү. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Бакай участогунун тургундарын сугат суу менен камсыздоо үчүн 50 миллион сом, Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы орто мектепти капиталдык ондоп-түзөө иштерине жана Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча курууга жалпы 20 миллион сом берилди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулардын саны 65 пайызга кыскарды
Учурда тиешелүү жумуштар башталды.

Эске сала кетсек, ушул жылдын март айынын башында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон. Кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Жаңжалды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.