Бишкектеги ШКУ саммитинде Путиндин эмне тууралуу сөз кылары айтылды

Террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүгө биргелешип аракет кылуу боюнча сөз болот.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ШКУнун саммитинде Сириядагы абалды жөндөө ыкмалары, Афганистан маселеси, Ирандын өзөктүк программа боюнча жалпы аракети жана террорчулукка күрөшүү туурасында сүйлөйт. Бул туурасында РИА Новости лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме кылып кабарлады.

"Путин БУУнун борбордук ролуна таянып, ШКУнун тынчтыкты орнотуудагы глобалдык салымын арттыруу зарылдыгына басым жасайт. ШКУнун Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык түзүмдөр менен кызматташуусунун кеңейиши туурасында айтат. Бул ири алдыда террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүгө биргелешип аракет кылуу боюнча жасалган билдирүү", — деп айткан журналисттерге Ушаков.

Сапар алдында Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөштү
Ал жогорудагы маселелерди Путин тар курамдагы кездешүүдө айтарын белгилеген. Ушаков өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусундагы кеңири чөйрөдөгү жыйында президенттин Россиянын ШКУга 2019-2020-жылдары төрагалык кыларына басым жасарын кошумчалады.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте өтө турчу Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммитине ондон ашык өлкөнүн мамлекет башчылары келет. ШКУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өтөт.