Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу

ЖКККББнын сайтындагы маалыматта күбөлүк ушул жылдын 5-майында бир жылдык мөөнөткө алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айдоочулук күбөлүктөн ажыратылгандардын тизмесинде Алмазбек Атамбаевдин аты-жөнү бар.

Андагы маалыматка ылайык, Атамбаевдин автоунаа айдоого уруксат берчү документи ушул жылдын 5-майында бир жылдык мөөнөткө алынган. 

Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу

Белгилей кетсек, тизмедеги адамдын аты-жөнү экс-президенттикине дал келет. КСДП бул боюнча кийинчерээк маалымат бере турганын айтты.

Сайтта Атамбаевдин тушунда 231/1 беренеси көрсөтүлгөн, бирок кайсы кодекс экени жазылган эмес. ЖКККББнын маалымат кызматы 231/1 беренеси менен ("Транспорт каражатын мас абалында айдоо") тартип бузгандар буга чейин жазаланып келгенин белгиледи. 

Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу

"Мындай болушу мүмкүн эмес. Бул Административдик кодекстин беренеси, ушул жылдын 1-январынан тарта күчүн жоготкон", — деп кийинчерээк түшүндүрмө берилерин айтышты.

Айта кетчү жагдай, тизмеде Атамбаев эле быйыл аталган берене менен күбөлүктөн ажыратылды деп турат.