Аламүдүн районуна жаңы аким дайындалды

Аталган районду мурда Алтынбек Намазалиев жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы болуп Марс Саккараев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Саккараев бир нече жыл мурда Бишкек шаарынын вице-мэри болгон.

Эске салсак, аталган районду жетектеп келген Алтынбек Намазалиев бүгүн Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келди