Казакстандын президенти Токаевдин шайлоодон кийинки биринчи билдирүүсү

Exit poll маалыматтары боюнча, Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70 пайызын алган. Шайлоо күнү Казакстанда митинг өтүп, полиция 500дөй кишини кармаган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Exit poll маалыматтарын Касым-Жомарт Токаев Nur Otan партиясынын борбордук аппаратындагы өзүнүн штабы менен чогуу билди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Казакстан: президенттик шайлоо учурунда 500 митингчи кармалды
Exit poll маалыматтары боюнча, Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70 пайызын алган. Шайлоо күнү Казакстанда митинг өтүп, полиция 500дөй кишини кармаган

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, шайлоочулардын 77,4 пайызы катышкан. Казакстанда 11 947 995 жаран шайлоо укугуна ээ.

Касым-Жомарт Токаев шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын уккандан кийин казакстандыктарга кайрылып, ага болгон ишеними жана колдоосу үчүн рахмат айтты.

"Үгүт иштери цивилдүү мүнөздө болгонуна абдан кубанычтамын. Чындыгына бул үгүт программаларынын атаандаштыгы болду. Бул нерсе өз кезегинде казакстандыктардын саясий маданиятынын олуттуу түрдө жогорулаганынан кабар берет. Алдыда бизди чоң иштер күтүп турат", — деди Токаев.

Казакстанда 10-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда 7 талапкер ат салышкан.