Шумдук тепти! Шевченконун атаандашы Жессика Ай үн катты. Видео

Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринде америкалык мушкер нокаут менен утулуп, экинчи раундда Шевченконун башка тепкен соккусунан тура албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Америкалык Жессика Ай UFC 238 турниринде жеңилип калгандан кийин социалдык тармак аркылуу өзүнүн күйөрмандарына кайрылды.

Видео кайрылуусун Instagram баракчасына жарыялады.

Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринде америкалык мушкер нокаут менен утулуп, экинчи раундда Шевченконун башка тепкен соккусунан тура албай калган.

"Валентина Шевченкону куттуктайм, башка шумдуктуудай тепти (хай-кик). Сени менен беттешүү шансын алганыма абдан ыраазымын", — деди ал.

Күмөн санаган эмеспиз! Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады. Видео
Ай ошондой эле өзүнүн күйөрмандарына да колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

"Күйөрмандарыма да ыраазымын, силер мен үчүн көп нерсе жасадыңар. Абалым жакшы жана мага кам көргөнүңөр үчүн рахмат. Эң мыкты машыгуучу жайда машыктым, өзүмдү аябай жакшы сезип жүрдүм. Олуттуу ката кетирдим. Бул спорт аябай катаал, бирок мен ошону тандагам", — деди ал.

Валентина Шевченконун укмуштуу жеңишинен кийин аны АКШдагы кыргызстандыктар өзгөчө тосуп алышты