Рафаэль Физиев UFC уюмунда качан беттеше турганы айтылды

Азырынча спортчунун атаандашынын аты-жөнү белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Менеджер Саят Абдрахманов кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Абсолюттук мушкерлер уюмунда (UFC) качан беттеш өткөрө турганын айтты. Бул туурасында ал Sport24 маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирген.

Анын айтымында, кыргыз мушкери менен биргеликте командасындагы дагы бир спортчу Алексей Кунченконун мелдеши каралууда.

"Алексей менен Рафаэль 10-августта Уругвайда өтө турчу UFC турниринде күч сынашы керек. Алар келишимге кол койду", — деген Абдрахманов.

Азамат кыз! Шевченко Айды нокаутка кетирип, чемпиондугун сактап калды. Видео
Ал белгилегендей, спортчулардын атаандаштары аныкталды, бирок  келишимге кол коюла элек. Азырынча алардын ысымдары айтылбайт.

Эскерте кетсек, Физиев 20-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн UFC уюмунун турнирине алгачкы жолу катышып, каршылашы Магомед Мустафаевге биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңилген. Алгач аны атаандашы чимирилип тээп, кулап түшкөн соң Физиевди ургулаганда рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Көп өтпөй мушкер "ушуну менен токтоп калбайм" деп күйөрмандарына кайрылуу жасаган.