Кыргызстандык кымча бел Miss Eurasia — 2019 конкурсуна катышты. Сүрөт

Конкурста 25 мамлекеттен келген сулуулар ат салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандык модель Асема Туратбекова Түркияда өткөн Miss Eurasia — 2019 эл аралык сулуулук конкурсуна катышты. Бул тууралуу уюштуруучулардын расмий сайтында маалымдалды.

Конкурста 25 мамлекеттен келген сулуулар ат салышкан.

Сынакка катышкандар бир нече талаптарды аткарды. Анын ичинде улуттук жана кече кийимдерин көрсөтүү, өзүн тааныштыруу, бикини бар.

Конкурстун финалы май айынын этегинде Анталья шаарында өткөн. Анын жыйынтыгында украиналык бийкеч Анна Костенко жеңүүчү деп табылган. Ал эми "вице-мисс" титулуна Белоруссия менен Россиядан келген сулуулар татыган.