Радио

Абдуллаев: китеп чыгарууга кыргыз өкмөтү акча бөлбөйт

"Кереге" коомдук фондусунун кызматкери Бакытбек Абдуллаев китеп күнүмдүк муктаждыгыбыз болгон нан, суудай эле кабыл алынышы керектигин айтты.
Sputnik
Абдуллаев: китеп чыгарууга кыргыз өкмөтү акча бөлбөйт

Көп өлкөлөрдө китеп чыгарууга салык салынбайт, ал эми Кыргызстанда абал тескери. Тактап айтканда, китеп чыгарууга салынган салыктын көлөмү бир топ жогору. Бул тууралуу Бакытбек Абдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык деңгээлге жетүү үчүн кыргыз басмаканаларына мамлекет тарабынан колдоо керек.

"2013-жылы өлкөдө чыккан китептердин саны бир миллиондун тегерегинде болуп, жети кишиге бир китеп туура келсе, 2018-жылы ал эки миллионго чейин өсүп, үч кишиге бир китеп болуп калды. Азыркы күндө китеп чыгаруу кыйын, анын үстүнө өкмөт тарабынан акча бөлүнбөйт. Ал эми башка өлкөдөн грант катары алынган акчанын эсебинен чыга турган китептер биздин басмаканаларда чыгарылбайт. Башкача айтканда, акчаны берип аткандан кийин менин айтканымды кыласың дегендей мамиле болот. Ошентип дүйнөлүк бестселлер китептер Индия, Вьетнам өңдүү өлкөлөрдөн чыгып  жатат. Эгерде өкмөттөн акча бөлүнсө, ошол китептер өзүбүдөн эле чыгарылмак. Бизде китепке болгон салыктын көлөмү дагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогору. Китеп окугандардан салык алууну жазалоо катары көрөм", — деди Абдуллаев.

Ошондой эле ал китепканалардагы эски китептер жаңыларга алмаштырылышы керектигин кошумчалады.