Казакстан: президенттик шайлоо учурунда 500 митингчи кармалды

ИИМдин биринчи орун басары Борбордук шайлоо комитетинде коомчулук алдында маалымат берди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Нур-Султан жана Алматы шаарларында мыйзамсыз митингге катышканы үчүн 500гө чукул адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан билдирди.

Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаевдин айтымына караганда, эки шаарды эсепке албаганда мамлекеттин ичинде абал тынч.

"Нур-Султан менен Алматыда мыйзамсыз миингге катышканы үчүн ички иштер органы 500гө чукул адамды кармады. Борбор калаада жол кыймылын бууп, Республика проспектисинде транспорт каттамына тоскоолдук жаратууга аракеттенген адамдардын аракети токтотулду. Бул Жаштар Сарайынын аймагы", — деп билдирди Кожаев.

Казакстанда митинг учурунда улгайган киши көз жумдубу? Полициянын жообу
Ал полиция кызматкери мыйзамдын алкагында иш алып барганын, тартип бузган адамдарды кармоодо өтө кылдат иштегендиктерин айтты.

"Социалдык тармактагы полициянын аракетинен митингчилер жабыркады, адам өлдү деген маалыматтар калп. Алматы калаасынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, медициналык жайларга жардам сурап эч ким кайрылган эмес", — деген аткаминер.

Ал мыйзамсыз акциянын катышуучулары турган жерден медициналык жардам сурап, 12 киши кан басымы көтөрүлүп кайрылганын айтты.

"Нур-Султан шаарындагы коомчулукка каршы митингдин катышуучулары тынчтык акциялары туурасында айтканы менен колуна тийген буюмдарды, таш ала коюп ыргытып, көздү ачыштырган баллондорду колдонуп жатышат. Анын кесепетинен полициянын үч кызматкери жаракат алды. Экөөнө эл ыргыткан таш тийсе, бирөөнүн көзү газ баллондон жабыркады", — деген министрдин орун басары.

Казакстанда 9-июнда президенттик шайлоо өттү. Бардык шайлоо тилкелери жабылып, добуштарды саноо башталды.