Бишкекте унаа май куюучу жайдын тосмосун сүзүп кетти. Сүрөт

Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкекте айдоочу май куюучу жайдын тосмосун сүзүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, мырыйып калган тосмонун сүрөтүн WhatsApp каналы аркылуу жиберди.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады. Окуя 10-июнь күнү саат 01:30дар чамасында Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Honda Accord үлгүсүндөгү унаа Түштүк магистраль менен батышты көздөй бара жатып май куюучу жайдын тосмосун сүзүп алган. 44 жаштагы айдоочу ооруканга жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.