Жыл сайын Бишкек шаарында бир ай ысык суу өчүрүлүп, бул аралыкта түтүктөрдү тазалоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Баимбет Байгараев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ысык суу өчүрүлгөндөн кийин эң биринчи суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери башталат.
"Ысык суу токтотулган кезде түтүктөрдө суу болбогондуктан аларды алмаштырып, тазалоого шарт түзүлөт. Бул жылы бир айга пландалган ишти эрте аяктагандыктан, шаардыктарга белгиленген мөөнөттөн үч күн мурун ысык суу берилди. 30 күн ичинде кийинки кышка даярдык көрүп, эң биринчи суу түтүктөрүн тазалап, аларды алмаштырабыз. Андан кийин от казандарына көңүл бурулат. Ысык сууну ар бир үйгө жеткирүүчү насостор эң маанилүү болгондуктан, аларды жакшылап кароо иштери аткарылат", — деди Байгараев.
Ал суу түтүктөрүнүн иштөө мөөнөтү 25 жылга чейин экенин кошумчалады.
Эске салсак, быйыл "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы 4-июндан тарта жарандарды ысык суу менен камсыздап баштаган. Ал эми ысык суу 6-майда өчүрүлгөн.