Ден соолугу кантти экен? Валентина өзү нокаутка кетирген Айга кабатыр болду

Кыргызстандык мушкердин атаандашы оор соккудан кийин өзүнө көптөн кийин келген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik.Валентина Шевченко аттандашы Жессика Айды UFC 238 турниринин алкагында нокаутка кетиргенден кийин анын ден соолугуна кабатыр болуп жатканын, бирок бул спорт экендигин айтты.

Мушкерлер Чикаго (АКШ) шаарында өткөн UFC 238 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин башталышында эле Шевченко америкалык Айды көтөрүп чаап, үстөмдүгүн көрсөткөн. Экинчи раунддун башталышында каршылашын бетке тээп, нокаутка кетирген.

Укмуш! Шевченко жеңишинен кийин чимириле лезгинка бийледи. Видео
​Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп алтын курга ээ болгон. Ал бүгүн наамын ийгиликтүү коргоп калды.

Шевченконун нокауту көпчүлүктү таң калтырды.

"Валентина күйөрмандарынын таңгалдырып бүтпөйт. Ал атаандаштарын утса дагы ичинен аларга караганда көбүрөөк санаа тартат. Бул сый-урмат мамиле", — деп жазган колдонуучу Ридриго Таннури.

​"Сый деп ушуну айт", — деп таң калганын жашырган эмес UFC уюмунун Испаниядагы баракчасы.

​Жессика Ай буга чейин UFC уюмунда үч ирет катары менен утуп, Шевченконун эң башкы атаандашы катары саналып келген.